Тоолуу Чаткал районунда мекеме-ишканаларда кышка карата даярдык 45 пайызга аткарылды

Чаткал районунда мекеме-ишканаларда кышка карата даярдык 45 пайызга аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда SUPER.KG порталына Чаткал районунун акиминин орун басары Мурат Досматов билдирди.

"Учурда башка аймактарга салыштырмалуу Чаткал өрөөнүндө суук түшүп калды. Социалдык мекеме-ишканалар үчүн көмүр ташуу иштери район боюнча 45 пайызга аткарылды. Ал эми имараттардын ичин жылуулоо, жылыткычтарды оңдоп-түзөө иштери толугу менен аяктады", - деди Досматов.

Маалым болгондой, калкка көмүр жеткирүү толугу менен аткарылып бүткөн. Ал эми айыл чарба багытында малга тоют камдоо да жыйынтыкталган. Жуманын башында атайын жыйын өткөрүлүп, кышка карата даярдыкта кемчилик кетирген жетекчилерге эскертүү, кайдыгер мамиле жасагандарга сөгүш берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arslan12
2016-09-28 12:54:26
Кыш келейин деп калды 45% кеби!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан