Бишкек шаарын "Манас" аэропорту менен байланыштырган жол бир тараптуу жабылып, сапатсыз курулган жерлери оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда SUPER.KG порталына Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бишкек-"Манас" аэропорту унаа жолун тендерден утуп алган "Технотоп" жол-курулуш компаниясы курган. Аталган жолго 954 миллион 499 234 сом каражат жумшалды. Айрым жерлери сапатсыз болгондуктан, жолдун айрым жерлери бир тараптуу жабылып, 3,4 чакырым жери оңдолууда. Жол бир жылга чейин "Технотоп" жол-курулуш компаниясынын көзөмөлүндө болот. Министрлик жолду кабыл ала элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 2015-жылы 17-сентябрда башталган Бишкек-"Манас" аэропорту жолу үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында жыйынтыкталып, пайдаланууга берилген. Жолдун жалпы узундугу 23 чакырым 700 метрди түзөт.