Бишкекте 1-Октябрь - Карылар күнүнө карата колго жасалган буюмдардын жарманкеси өткөрүлөт

Бишкек шаарында 1-Октябрь - Эл аралык карылар күнүнө карата социалдык жарманке уюштурулат. Бул тууралуу жарманкенин уюштуруучулары билдиришти. Жарманке борбордук аянтта, "Ала-Тоо" кинотеатрынын жана Курманжан датканын эстелигинин жанында өткөрүлөт. Ага кол өнөрчүлүк менен алектенген карылардын эмгектери коюлат. Саат 10:00дө башталган бул жарманкенин башкы максаты - улгайган жарандарды колдоо жана жасаган буюмдарын сатып, өздөрүнө каражат таап алуусуна шарт түзүү.

Жарманкеге Бишкек шаарынын улгайган тургундары кийизден жасалган улуттук буюмдарды, токулган көрпөчөлөрдү, оюнчуктарды, өздөрү жасаган таттууларды коюшат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akzuura
2016-09-28 15:13:15
Кайсы жерде болот экен?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан