"Ош Тазалык" ишканасы тартип сакчылары менен түнкү рейдге чыгып, 6 адамга айып салынды

Ош шаардык мэриясы "Ош Тазалык" ишканасы менен биргеликте түнкү рейдге чыгып, 6 адамга айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда "Ош Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Тазалык" ишканасынын түнкү рейдине Ош шаардык мэриясынын адистери, тартип сакчылары чыгышкан. Рейд 3-4 саатка созулган.

"Шаардын тазалыгын арттыруу, кызматкерлердин эмгегин баалоо максатында түнкү рейд уюштурдук. Анын жүрүшүндө 6 адамга административдик айып салынып, 10дон ашуун адамга катуу эскертүү берилди. Мындай түнкү рейддин жүрүшү шаардыктарды тартипке чакырат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, Ош шаарынын ички көчөлөрүндө үйлөрдүн жанына чогулган таштандыны аталган ишкананын жумушчулары атайын унаа менен алып кетишет. Бирок айрым жашоочулар жолдун боюна акыр-чикирлерди таштап, башкаларга жагымсыз жагдай жаратышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shef87
2016-09-28 21:26:15
тортунчу кабаттан туруп уйдун артына таштанды ыргыткан ХХХ да кармасанар болмок мен колдойм
0
admin_portal
2016-09-29 10:18:16
Shef87, этика нормаларын сактаңыз!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан