Бүгүн, 28-сентябрда Өкмөт үйүнүн жанына 100гө жакын адам чогулду. Алар банктардан насыя алып, бирок пайыз жогору болгондуктан кутула албай жатышканын SUPER.KG порталына билдиришти. Чогулгандардын биринин айтымында, өкмөт банктык пайызды төмөндөтүү жана карызды кайтаруу мөөнөтүн узартуу боюнча банктар менен сүйлөшүүсү керек.
Айта кетсек, Өкмөт үйүнүн жанына чогулгандарга тамак-аш жана суусундуктар таратылууда.