Бишкек-Ош жолунда күнүнө миңдеген унаалар өтөт. Алардын ичиндеги жүргүнчүлөр узак жолдон улам токтоого аргасыз. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, жол боюнан орун алып, соода, тейлөө тармагында иштеп каражат таап, тирилик кылып келгендер бар.
Ош облусун көздөй бет алганда чыгармачылык тобубуздун көңүлү жолдогу кооз жаратылышка гана эмес, мындай бизнес менен алектенгендерге да бурулду. Чүй облусунун аймагындагы Бишкек-Ош жолунда кымыз, курут, сары май көп сатылары көрүнүп турду. Андыктан соодагерлердин жолго жакын жайгашкан боз үй, вагондорунун жанында жылкы үйүрлөрүн, уйларды жана дагы башка үй жандыктарын көрүп жаттык.
Төө-Ашуудан өткөн соң кымыз саткан боз үйлөрдүн бирине токтодук. Кожоюндан мурун бизди эки ит тосуп чыкты. Алардын артынан кожойке чыгып, үйгө кирип кымыз ичүүнү сунуштады. Дасторкон үстүндө отуруп үй ээлери сатып жаткан кымызын өздөрү жасашарын айтышты. Айрым соодагерлер кымызды атайын кошулмалар менен да жасашары белгилүү.
"Мен андай кымызды жакында эле ичип көрдүм. Бул ыкманы алып-саткандар колдонушу мүмкүн. Кымызды ичип жүргөн адам айырмасын биле алат", - дейт үй ээси Руслан Темиров.
Темировдун жубайы Бактыгүл Козубекова учурда алардын балдары окуу жылынын башталганына байланыштуу айылда чоң ата-чоң энесиникинде жашап жатышканын айтты.
"Жайкысын балдарыбыз өзүбүз менен болот. Окуу башталганда айылга кетишет. Бул жерде биз 15 жылкы байлайбыз. Күнүнө 3 жолу саап алабыз. Кымыз саткандан тышкары жаныбыздагы боз үйдү кардарларга берип да кошумча каражат табабыз. Андан сырткары бээ сүтүн ичкени да келишет", - дейт Козубекова.
"Бул жол бою деле жайлоого кирет. Жашообуз жакшы эле. Күн батареяларынын жана генератордун жардамы менен электр энергиясын алабыз. Телевизорубуз бар, жаңылыктарды уюлдук телефондогу интернет аркылуу окуп алабыз. Заманга жараша шарт түзүп алганбыз. Жол боюнда тургандын артыкчылыктары бар. Биринчиси, биз ортомчусу жок өзүбүздүн азыктарды кардарларга сата алабыз. Экинчиси, жашылча, жер-жемишти ары-бери өткөн соодагерлерден эле алып алабыз. Бул балдарыбыз үчүн аябай ыңгайлуу", - деди жол боюндагы турмушу тууралуу Руслан Темиров.
Бир сезондо табылган киреше үй-бүлөгө кенен жетерин кошумчалашты жубайлар.
Суусамыр өрөөнүнүн кире беришиндеги Бишкек-Ош жолунун эки тарабында тең куруттар толтурулган үйүлгөн баштыктарга күбө болдук. 16 жылдан бери ушул жерде курут, кымыз сатып иштеген Бариса Мамбетова заманбап жашоодон артта калбаганга аракет көрүшөрүн айтат.
"Бул жакта соода кылгандар аябай эле жакынбыз. Араларында жээндерибиз да бар. Бул орунга алгач атабыз турган. Андан бизге өттү. Мына 2000-жылдан бери эле жылына бир жолу 6 ай ушул жерде соода кылабыз. Баарын өзүбүз жасайбыз. Күндүз мал, соода, тиричилик менен алек болсок, түнкүсүн генератордун жардамы менен телевизор көрөбүз. Заманбап жашоого умтулууга аракеттенип жатабыз", - дейт Мамбетова.
"Кээде соода жакшы болуп калат, кээде болбой калат, ар кандай... Кирешебиз үй-бүлөбүздүн күнүмдүк жашоосуна гана жетет. Жайыт үчүн кадимкидей салык төлөйбүз", - деп кошумчалады Бариса Мамбетова.
Кымыз, курут саткан Роза Усубалиева бул жайда 15 түтүн, алардын баары туугандар экенин айтты:
"15 түтүн соода кылабыз. Баарыбыз тең бир туугандардын балдарыбыз, бир туугандардын күйөө балдары, келиндери да бар. Учурда бул жерде уулум, келиним, неберелерим менен турам. Бул колумдагы кызымдын уулу. Ушинтип эле 2 кыз, 2 уул чоңойттум. Эми мына неберелер да чоңоюп жатышат. Жашообуз жаман эмес, жакшы".
"Кардарларга позитивдүү маанай тартуулап, күлүп сүйлөп, куруттун түрүн көрсөтүп, өздөрүнө тандатам. Андыктан менин кардарларым көп", - дейт Усубалиева.
Чычкан капчыгайында аары баккандардын саны арбын, демек, Чычкан капчыгайында бал саткандар көп. Жалал-Абад облусуна киргенде жолдо түнкүсүн да дарбыз-коон саткан дыйкандарды көрүүгө мүмкүн.
Социалдык өнүктүрүү жана эмгек министрлигинин маалыматына ылайык, 2016-жылдын биринчи жарым жылдыктын көрсөткүчү боюнча, өлкөбүздө ишке жарамдуу 2 миллион 504 миң адам болсо, алардын 201 миң 500ү жумушсуз. Улуттук статистика комитетинин билдиргени боюнча, жылдын башында орточо маяна 12 848 сомду түзгөнү менен, айына 6 миң сомдон ашык маяна албагандардын саны көп, бирок айрым эл өкүлдөрү бул фактыга ишенишпегени да белгилүү болду. Аткаминерлер көмүскө булактардан каражат таап, гектарлап жер алып, хан сарайларды куруп жатканда, карапайым эл чет өлкөдө иштеп, айырмадары минтип күнү-түнү жол боюнда соода менен алектенип, салык төлөп, күнүмдүк керектелүүчү оокатына каражат тапканына ыраазы болуп жашаган жана жашап келет..