Кыргыз Республикасынын делегациясы бүгүн, 1-октябрда өзбек тараптын чакыруусу менен Өзбекстандын Анжиян шаарындагы кыргыз-өзбек чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча иш-чарага катышат. Өкмөттөн билдиришкендей, иш-чара алкагында кыргыз делегациясынын өкүлдөрү Анжиян облусунун Ходжаабад районунун №10-мектебине, Анжиян мамлекеттик университетине, Анжиян шаарындагы Достук үйүнө, темир жол бекетинин жаңы имаратына жана Асака шаарындагы автомобиль заводуна барышат.
Кыргыз делегациясынын курамына Өзбекстандагы кыргыз элчиси Данияр Сыдыков, Ош, Баткен облустарынын башчылары, Жалал-Абад облусундагы өкмөт өкүлүнүн биринчи орун басары, Ош шаарынын мэри, өкмөт аппаратынын, аксакалдар, маданий ишмерлер жана башкалар киргени айтылды.