Швециялык атактуу футболчу Златан Ибрагимович 35 жашка толду. Ал 1981-жылы 3-октябрда Швециянын Мальмё шаарында туулган.
Футболчу карьерасында "Мальме" (Швеция), "Аякс" (Голландия), "Ювентус", "Интер", "Милан" (Италия), "Барселона" (Испания), ПСЖ (Франция) клубдарында ойногон. Учурда "Манчестер Юнайтед" (Англия) клубунун курамында оюн көрсөтүүдө.
Командалык ийгиликтерине токтолсок, 2 ирет Голландиянын чемпиону аталган. 6 ирет Италиянын биринчилигин уткан. Ошондой эле 1 ирет Испаниянын, 4 ирет Франциянын биринчилигинде алтын медаль тагынган. Футболчу бир дагы жолу Чемпиондор Лигасын ута алган эмес.
Златан Швеция курамасына 2001-жылы чакырылып, 2016-жылга чейинки аралыкта 116 оюн өткөрүп, 62 гол киргизген. Быйыл ал Европа чемпиондугу жыйынтыкталган соң улуттук курамга мындан ары ойнобой турганын билдирди.
3-октябрдын жылнаамасы.