Бүгүн, 16-апрелде президент Алмазбек Атамбаев Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Николай Бордюжа Президентке ЖККУнун кечээ, 15-апрелде Кант шаарындагы авиациялык базада өткөн биринчи күнү тууралуу кеңири маалымат берди. Жолугушууда ошондой эле ЖККУда Кыргызстандын төрагалыгы алкагында өтө турган мындан аркы иш-чаралар талкууланды.