АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы жогорку квалификациялуу чет элдик адистер үчүн H-1B визасына 103 миң 265 доллар өлчөмүндө салык төлөмүн туруктуу киргизүүнү сунуштады.
Эскерте кетсек, буга чейин киргизилген мындай төлөмдү федералдык сот мыйзамсыз деп таап, администрацияга аны алууга тыюу салган. Учурда чечим апелляциялык сотто кайра каралууда.
Чет элдик басылмалар билдиргендей, H-1B программасы АКШдагы компанияларга технология, билим берүү жана илимий изилдөө сыяктуу тармактарда чет өлкөлүк адистерди ишке тартууга мүмкүнчүлүк берет. Буга чейин мындай визанын төлөмү болжол менен 2-5 миң долларды түзүп келген.
Сунушталган жаңы төлөм АКШда студенттик виза менен жүргөн жана кийин H-1B алган айрым чет элдиктерге, ошондой эле учурдагы визаларды узартууга жайылтылбай тургандыгы маалыматта кошумчаланды.