Польшада 5 миңге жакын адам абортко байланышкан мыйзамга каршы митингге чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, нааразычылык акциясын өлкөнүн мурдагы премьер-министри Ева Копач уюштурган. Ал "поляк аялдары саясий оюндардын барымтасында болушу мүмкүн эмес" деген оюн айтып, бул күнү бардык аялдарды жумушка чыкпоого чакырык жасаган.
Учурда Польшанын парламентинде бойдон алдыруу боюнча эки мыйзам долбоору каралууда. Биринде толугу менен бойдон алдырууга тыюу салынган. Аны менен катар мындай кадамга баргандарга административдик айып салынып, кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ал эми экинчи мыйзамда кош бойлуулуктун он экинчи жумасына чейин бойдон алдырууга мүмкүндүк берет.