Кытайда 4 аюу жолдо бара жаткан унааны токтотуп, ичине кирүүгө аракет кылышкан. Бирөөсү арткы буттары менен турганда адамга окшоп калган. Бул учурда экинчиси унааны катуу кыймылдатып баштаган. Ал эми калган экөө унаанын алды-артын текшерүүгө өтүшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Окуя Чунцин шаарынан алыс эмес жерде болуп, камерага түшүп калган. Маалыматта аюулар тамак-аш табуу үчүн унаага "кол салган" болушу мүмкүн экендиги айтылат. Ал эми жабыркагандар тууралуу маалымат жок.