Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Япониянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган элчиси Есихиро Ямамура менен жолугушту. Анда элчилик менен мэриянын ортосундагы кызматташтык жана 5-октябрда уюштурула турган инфраструктуралык долбоорлор боюнча форумду өткөрүү тууралуу сөз болду.
Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мэрия кыйын кырдаалдарга туш болгон балдар менен иштөө тармагында тажрыйба алмашуу сунушун киргизди.