Ала-Бука районунда сел алып кеткен көпүрө жаңыдан курулуп бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда SUPER.KG порталына Төрөгелди Балтагулов атындагы айыл аймагынын башчысы Мамадалы Парпиев билдирди.
Маалыматка ылайык, Кош-Алмурут айылындагы 150 кожолук элди райондун борбору менен байланыштыруу, ошондой эле автоунаа каттамын жандандыруу максатында сел алган көпүрөнү куруу зарылдыгы пайда болгон. Көпүрөнүн узундугу 18 метр, туурасы 6 метрди түзөт. Аталган айыл сел жүрүү коркунучу жогорку аймак болуп саналат. Ошол себептен айылда суу агып өтүүчү сай бар. Жарактан чыккан көпүрө мына ушул сайдын эки жээгин бириктирип турган. Көпүрө калыбына келгиче айыл эли абалы начар альтернативдик жол аркылуу райондук борборго каттап турган.
"Көпүрөнүн курулушу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 19,5 тонна цемент жана 1,9 тонна арматура алып берген. Ага кошумча айыл өкмөттөн 60 миң сом, айыл элинен 60 миң сом каражат чогулуп, көпүрөгө жумшалды. Бүгүнкү күндө курулуш аяктады. Ушул жуманын аягында пайдаланууга беребиз", - деп билдирди Парпиев.
Эске салсак, 5-6-июль күндөрү катуу жааган жаандан улам сел жүрүп, аталган көпүрө жараксыз абалга келген. Көпүрө 2002-жылы курулган болчу.