Кыргыз Республикасы Пакистан өлкөсү менен билим берүү жаатында кызматташууну жакшыртат. Мындай кабар бүгүн, 3-октябрда эки өлкөнүн өкүлдөрү катышкан маалымат жыйынында айтылды.
"Бүгүн Пакистан өлкөсүнөн билим берүү тармагы боюнча кызматташууга өкүлдөр келишти. Алар бизге билим берүү тармагында мыкты адистерди даярдап бергиле деген өтүнүчтү айтып жатышат. Бүгүн өкүлдөр өлкөдөгү жогорку окуу жайларды кыдырып чыгышат. Аларга кайсы окуу жай туура келсе, ошол университет менен кызматташууну тандашат. Мындан кийин атайын келишимге кол коюлат", - деп билдирди Кыргызстан Эл аралык университетинин окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин Камкордук кеңешинин төрагасы Асылбек Айдаралиев.
"Биз буга чейин Кытай өлкөсү менен билим берүү тармагы боюнча кызматташып келгенбиз. Алар менен эми иштешпей калдык. Биздин студенттерибиз мындан ары Кыргыз Республикасында билим алса деген тилегибиз бар. Ошондуктан атайын келип отурабыз", - деп билдирди Пакистан өлкөсүнөн келген өкүл Жулем Реза.
Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында миңге жакын пакистандык студенттер Ош жана Бишкек шаарларында түрдүү адистиктер боюнча билим алышат.