Карылар үйүнө келип, карындан чыккан уул-кызына эмес, катаал тагдырына наалат айткан карылар...

Баланын өзүн төрөйт, бирок кыял-жоругун кошо төрөбөйт эмеспи. Боор эт менен тең бала кийин ата-энесин боор этке тең көрөбү же жокпу, дээринен көз каранды. Бишкек шаарындагы улгайган жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жалпы типтеги стационардык мекеменин босогосун аттаганда эле бизди жол караган үмүттүү көздөр тосуп чыкты. Ооба, мындагы карылардын көптүгү коомдун ичинде кайрымсыз уул-кыздардын санынын артып баратканынан кабар берет. Небере жытын жыттап, төрдө отургандын ордуна чаң баскан терезенин ары жагында акмалап жолду караган карылар менен маек курдук.

Бул жайда жалпы 218 кары бар. Алардын 54ү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер. 30дан ашыгы төшөктөн тура албайт жана өзгөчө камкордукка муктаж. Мындагыларга күнүнө 3 маал ысык тамак берилип (1 адамга күнүмдүк коротулган сумма 100 сомду түзөт), ден соолуктарына кам көрүлөт. Мекеменин жылдык коромжусу 20 миллион сомдон ашат. Кызматкерлерге 5-6 миң сом өлчөмүндө маяна төлөнөт.

"КЕЗИНДЕ ТУРМУШ КУРБАГАНДЫКТАН УШУЛ ЖАЙДЫ ТАНДАДЫМ"

Маектештерибиздин бири Гүлжакан Байзакова болду. Ал 2008-жылдан тарта ушул жерде күн кечирип келет. Өзү кичинесинен майып болгондуктан, кезинде турмуш курган эмес. Көзүнөн нур, оозунан алтын шилекейин чачырата сүйлөгөн Гүлжакан апа буларга токтолду.

- Ата-энемдин көзү өткөндөн кийин айылда шарт жок болуп, ушул жакка келдим. Оорулуу болсоң, кээде жыгыласың, эсиңди жоготосуң, андыктан дайыма көзөмөлдө болуп туруу керек. Каралбай калгандан коркуп, ушул жакка келип алдым.

"УНИВЕРСИТЕТТЕ ЖҮРҮП КУЛАПТЫРМЫН, ЭСИМЕ КЕЛСЕМ ООРУКАНАДА ЭКЕНМИН..."

Жолдош Жоробековду Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинде окугандар жакшы таанышат. Ал көп жылдар бою ушул тармакта эмгектенип, экономика илимдеринин доктору болгонго жетишкен. "Дагы деле жашмын, чачым түшө элек" деп тамашалаган Жолдош агай учурда дарыланууну улантууда.

- Инсульт болуп, жакшы сүйлөй албай калдым. Улуттук университетте иштеп жүргөндө залдан жыгылып калыптырмын. Эсиме келгенде ооруканада экенмин. Азыр дарыланып жатам, кичине басам.

"МАГА КӨРСӨТКӨН ТУРМУШТУ ТАШ БООР УУЛУМ ӨЗ УУЛУНАН КӨРСҮН"

Көптөн бери айта албай жүргөн сырын Таажыкүл Үкүева SUPER.KG порталына айтып берди. 4 бала чоңойтуп, эми минтип 4 дубал ортосунда жалгыз калган апанын сөзү уулду татыктуу тарбиялоо, ата-энеге сый-урмат көрсөтүү, аялынын сөзүнөн чыга албаган уулу тууралуу болду.

- 1979-жылы жолдошум дүйнөдөн өтүп кетти. 2 уул, 2 кыз менен жесир калгам. Жолдошум дүйнө салбаганда мен бул жайда жүрбөйт элем. Балдарымдын эң улуусу Орусияда. Менден ошол гана кабар алып турат. Калганы карабайт. Экинчи уулумдун жубайы мени үйүнөн чыгарып салган. 2010-жылдан бери балам бир да жолу сурап койгон жок. "Ден соолугуң кандай? Кимден кетти?" деп бир сурап койсо деле болот эле. Таш боор балам мага көрсөткөнүн өз баласынан көрсүн.

"1 КЫЗЫМ БАР, ТАГДЫР ЭКЕН, УУЛДУУ БОЛГОН ЖОКМУН"

Айрымдар убайым менен, санаа менен күн кечирип жатканда, айрымдар ар кандай жумуштар менен алек болушат. Мында усталар, уздар да бар. Сөз баккан журналист, жазуучу Дубаш Калназаров менен да маек курдук. Ал өзүнөн 20 жаш кичүү Таня аттуу аялга үйлөнүп, экөө бир бөлмөдө чогуу жашашат. Жазуучунун иштөөсүнө толук шарт түзүлгөнүн байкадык. Бөлмөдө компьютер бар, гезит-журналдар келип турат.

- Мен 1982-жылы Жазуучулар союзуна киргем. Ошондон бери 10дой китебим жарык көрдү. Тагдыр экен, уулдуу болгон жокмун. 1 кызым бар. Азыр турмушка чыгып, жолдошу менен жашап жатат. Карылар үйүнө 2008-жылы келгем. Кызым менен күйөө балам намыстанышат, "биз менен чогуу жашаңыз" деп айтышат, бирок үй-бүлө болгондон кийин алар да урушат. Мен болсо кызга болушам да. Андай жашоону көргүм келген жок. Мындагы кызматкерлер карыларды жуунтуп, чачын тарап, бапестеп багышат. Алар адамдын руханий дүйнөсүн, жанын сыйлашат. Аларга башка эч нерсенин кереги жок.

"Келиним үйдөн кууп чыккандан бери балам бир да жолу кабар алган жок"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
aikokul14
2016-10-05 18:18:54
Кудай ай,балдарыбызга ыйман,ынсап берсин!!!
+7
Nuriza.kubatova
2016-10-05 19:32:23
Кантип оз энесин таштап койот,баарына аллах ыйман берсин,баласына наалат айткан энени коруп,журогум ооруп кетти,тагдырдын жазганы ушул да,баласы кантип жашап журот экен оз энесинен кечкен,ушундайда адамдар барбы,баласына ыйман берсин,
+4
Morskayazvezda
2016-10-05 20:31:48
Көрүп көздөн жаш актыго. Кандай бала ата энесин карабай ташташат,эмне аларда жүрөк жокпу?. АЛЛАХЫМ жаштарга ыйман берсин.
+5
Kroxa
2016-10-05 21:28:23
Ташбоор тагдыр,,,
0
orun
2016-10-06 02:38:46
Илгери карылар уйундо орустун кемпир чалдары эле болчу. Тилекке каршы азыр кыргыз карылары да уобойуп кетиптир. Абдан окунучтуу!!! Бул да болсо диний тарбиянын жоктугу го. Баары эле батыштык маданиятка азгырылып ата бабабыз карманып келген Ислам дининен алыстап кетишуудо...
+3
gitaris93
2016-10-06 06:20:32
Кантип апасын таштады экен. Аллахым калган өмүрүңдү апаңа берем десе мен ойлонбой макул болмокмун. Апам менин байлыгым бакытым. Алтындай апаларыбыз аман болсун Аллах ден соолук узун өмүр берсин баарына.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан