Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 1-октябрда Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун Тогуз-Торо тилкесиндеги курулушун көрдү.
Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаровдун билдиришинче, Түндүк-Түштүк жолунун бул тилкесинде курулуп жаткан тоннелдин узундугу 3800 метр. Бүгүнкү күндө тоннелдин эки жагын кошкондо 476 метри тешилген. Курулушчулар тоннелди эки башынан ортосун көздөй казып келе жатышат. Жолдун кеңдиги 15 метр. Аны курууга 138 миллион доллар жумшалары айтылды. “Түндүк-Түштүк жолу менен Тогуз-Торо элинин эле эмес, жалпы республиканын жашоо-турмушунун жеңилдешине шарт түзүлөт. Ички экономикалык карым-катыштын күч алышына өбөлгө жаралат. Бул жолдун курулушу менен Кыргыз Республикасынын жол тарамында жаңы кан жүгүрөт”, - дейт Жогорку Кеңештин төрагасы.
Белгилей кетсек, аталган жолдун жалпы узундугу 433 чакырымды түзүп, 3 фаза менен курулуп бүтмөкчү. Биринчи фазасын курууга Кытайдын Экспорт-импорттоо башкаруу банкынан 400 миллион доллар насыя алынган. 2013-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Каржы министри Ольга Лаврова менен Кытайдын Экспорт-импорттоо башкаруу банкынын өкүлүнүн орун басары Лю Ляньгэ Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун курулушуна 400 миллион доллар бөлүү боюнча кредиттик макулдашууга кол коюшкан. Бекер каражат эмес, карызга алган акчаны эртеби-кечпи кайтарып берүү керек. Эл аралык валюта фонду болсо өлкөбүздүн тышкы карызы соңку жылдары кескин көтөрүлүп кеткенин айтып коңгуроо кагууда.