АКШда 68 жаштагы миллионер небереси менен никеге турган. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, никеге турган жуптар 3 ай мурда интернет аркылуу таанышып үйлөнүшкөн. Алар үйлөнүп жатканда бири чоң атасы, экинчиси небереси экенин билишкен эмес. Миллионер 24 жаштагы кыздын сүрөтүн көрүп таң каларлык сезимдер пайда болгонун эскерген, бирок мындай сезимдер эмнеден улам пайда болгонун аңдап биле албаганын айтат. Учурда жашап жаткан жуптар чоң ата жана небере экендигин билгенине 3 ай болсо да, ажырашуу аракетин көрө электиги айтылат маалыматта.
Чоң атасына турмушка чыккан 24 жаштагы кыз үйдөгү фотоальбомду көрүп жатып атасынын сүрөтүн таап алган. Ушундан кийин 68 жаштагы миллионер биринчи турмушунан балалуу болгон соң ажырашып, кийин ал үй-бүлөсү менен байланыш үзүлүп калганы белгилүү болгон. Окуядан соң жаңы алган келинчеги ошол байланышпай калган уулунун кызы экени аныкталып отурат. Учурда чоң ата менен небере эч нерсеге карабай бирге болууну пландашууда.