2016-жылдын алгачкы 8 айында өлкө аймагында 3667 жол кырсыгы катталып, 567 адам каза болсо, 5690 адам ар кандай жаракаттарды алган. Ал эми 2015-жылы 4418 жол кырсыгы катталып, 680 адам каза болгон. Жол кырсыгы көпчүлүк учурда айдоочулардын жол эрежелерин бузгандыгынан болууда.
Айрым кырсыктар айдоочулардын тиешелүү деңгээлде өз унаасын техникалык жагынан көзөмөлгө албаганынан улам болот. Өлкө аймагында өзгөчө кооптуу делген жол тилкелери бар. Алардын катарын Бишкек-Ош жолу дагы толуктайт. Дал ушул жолдо 6 ай аралыгында 389 жол кырсыгы катталып, 105 адам каза болсо, 663ү жаракат алган.
Мындай көрсөткүчтөр далилденгенсип, Ош облусун көздөй бара жаткан чыгармачылык топ Ала-Бел ашуусунда жол кырсыгына күбө болду.
Бул жол узактыгы менен гана эмес, деңиз деңгээлинен бир нече миң метр бийиктикте жайгашканы, өзгөчө чукул бурулуштары менен айырмаланып, кооптуу деп эсептелет. Жогоруда айтылган жол кырсыгы Бишкек-Ош жолунун 223-чакырымында болгон. Анда 1 адам каза болуп, 2 адам жаракат алган.
"Өзүңүздөр көрүп тургандай, Дэу Тико унаасы кырсыкка учурады. Кырсык айдоочунун жол эрежелерин сактабаганынан улам болуп жатат. Анын айынан бир адам - айдоочунун келинчеги каза болду. Негизинен Ала-Бел ашуусу тоолуу өрөөндө болгондуктан, ушул аймакта жол кырсыктары көп катталат. Бишкектен да, Оштон да чыккан айдоочулар дал ушул ашууга келгенде чарчашат.
Бишкек-Ош жолунун Токтогул районундагы аймагы боюнча жыл башынан бери 66 жол кырсыгы катталса, 25 адам каза таап, 129 адам ар кандай жараат алган. Айдоочулардан жол белгилерине көңүл буруп, ылдамдыкты белгиленген көрсөткүчтөн жогорулатпоону суранат элек", - дейт Токтогул районунун Патрулдук кызматынын ага тескөөчүсү Ырыскелди Усумбаев.
Кырсыкка учураган унаанын айдоочусу Абдимиталип Абдипатаевдин айтымында, унаанын дөңгөлөгүн кармап турган тетиги ыргып, унаа жолдун четине чыгып, 2 жолу оодарылып кеткен.
"Кырсык болгон соң адамдар чуркап келип, унааны оодарышты. Жубайым ошол жерден эле жан берген экен. Жубайым ооруп жүргөндүктөн аны Ысык-Көлгө алып барып келаткам. Кудайдын жазганы экен, эми мен кантем?.." - дейт оор жоготуусу тууралуу Абдипатаев.
Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы айдоочулар орнотулган жол белгилерге көңүл бурбай жатышкандыгын айтат.
"Жолдун өзгөчө кооптуу тилкелеринде айдоочуларга көрүнгөндөй жерлерде талап кылынган ылдамдык көрсөтүлгөн, бирок айдоочулар аларга көңүл бурушпайт. Жол тоолуу өрөөндө жайгашкандыктан, айрым жерлерде унааны тез токтотууга мүмкүн эмес. Бул дагы кырсыкка учуроонун бирден-бир себеби", - дейт Жалал-Абад ОИИБинин патрулдук кызматкери Замирбек Иманбеков.
Ал эми "Тез жардам" кызматкери мындай кооптуу аймактарга жакыныраак медициналык пунктун ачуу зарыл экендигин айтат. Медициналык пункттун алыстыгынан, жолдун татаалдыгынан улам кырсык болгон жерлерге өз убагында жетүү мүмкүн болбогондуктан, кырсыкка кабылгандардын айрымдарынын абалы оорлошуп кетет.
Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын алдын алуу боюнча Ички иштер министрлиги Транспорт министрлиги менен биргеликте аталган жолду тейлөө боюнча атайын бөлүм ачкан. Ал бөлүмдүн иштеп жатканына 9 айдын жүзү болду. Бул аралыкта жол кырсыктарынын саны азайганы байкалып жатканын Ички иштер башкармалыгы маалымдайт.
"Кырсык айтып келбейт экен. Мисалы, бир бурулушта иштеп жатсаң, аркы эле бурулушта кырсык катталган болот. Өзгөчө түнкүсүн айдоочулар катуу айдашат. Бизде жеңил унааларга техникалык кароону жокко чыгарып коюшкандыктан, айдоочулар унааларын жакшы карабай калышты. Мындай шалаакылыктан улам да кырсыктар көбөйдү", - дейт Патрулдук кызматтын Башкы башкармалыгынын ага инспектору Чыңгыз Убайдылдаев.
Жол кырсыктарынын айынан жаш балдар, кыздар, аталар, энелер каза болуп жатат. Айдоочулар ар бир кыйылган өмүрдүн артында сыздаган балдар, ата-энелер жана жубайлар калып жатканын эске алып, жол эрежелерин сактап, этият болушса...