Кечээ, 3-октябрда белгилүү модель, ар бир чыгуусу менен коомдо ызы-чуу жаратып келген Ким Кардашьянды белгисиз бирөөлөр Париждеги мейманканалардын биринде туткунга алып, баалуу буюмдарын тоноп кетишкени маалымдалган эле. Алгач окуянын кандай болгону белгисиз болсо, кийинчерээк маалыматтар чыга баштаган.
Дүйнөлүк басылмалардын билдиргенине караганда, 3-октябрга караган түнү саат 2:30дарда моделге 5 киши кол салып, курал менен коркутуп, аны жуунуучу бөлмөгө камап коюшкан. Андан соң эки "Айфон", 10 миллион еврого барабар буюмдарын уурдап кетишкен. Кээ бир буюмдар моделдики эмес болгон. Ал болгону Мода жумалыгына кийип чыгуу үчүн алып турган. Уурулар кылмыш болгон жайдан велосипедге отуруп кетип калышкан. Полиция кызматкерлери аларды издөөнү улантышууда.
Моделдин жакындарынын айтымында, окуя болгон учурда ал өзүн кармана албай, үйдө аны кичинекей эки баласы күтүп жатканын айтып, коё берүүсүн жалбарып суранган. Бошотулгандан бир нече сааттан кийин Ким тик учак менен мейманканадан чыгып кеткен. Андан аз өтпөй жеке учагы менен Париж шаарынан Лос-Анжелеске учуп кеткен. Интернетте мындай кыжырды кайнаткан окуя кылдат иштелип чыккан спектакль болушу мүмкүн экендиги айтылууда.