Жогорку Кеңештин депутаттары жана Ак үйдө иштеген кызматкерлер өзгөчө автоунаа номурларын жактырышат. Ак үйдүн айланасындагы унаа токтотуучу жайда токтотулган унаалардын номурларынын көбү "крутой" экени белгилүү болду. Бир күн ичинде 7777 деген номуру бар Лексус, Тойота жана Мерседес-Бенц байкалды. Мындан тышкары 0007, 7707 номуру бар унаалар Ак үйдүн жанына токтотулган.
Айта кетсек, 28-сентябрда Бишкекте өткөн расмий аукциондо 01 777 ААА деген "крутой" автоунаа номуру 1 миллион 716 миң сомго сатылып, бүгүнкү күнгө рекорддук сумманы түзгөн. Буга чейин аукцион аркылуу 01 001 ААА номуру 594 миң сомго, 111 ААА номуру 160 миң сомго, 888 ААА номуру 180 миң сомго, 999 ААА номуру 282 миң сомго сатылган.