Өзгөн районунда быйыл 5 миң тонна күрүч өндүрүү күтүлүүдө

Өзгөн районунда быйыл 5 миң тонна күрүч өндүрүү күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG порталына Өзгөн районунун акиминин орун басары Алишер Бакышев билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл 2251 гектар аянтка күрүч эгилген. Бүгүнкү күндө 72 пайыз күрүч жыйналып алынган. Дыйкандар күрүч талаасынан түшүмдү 15-октябрга чейин жыйнап алышары күтүлүүдө.

"Бүгүнкү күндө райондо дыйкандарыбыз күрүчтүн түшүмүн жыйноо аракетинде. Биздин болжолдообуз менен быйыл 5 миң тонна күрүч өндүрөбүз. Бул көрсөткүч 2015-жылга салыштырмалуу миң тоннага көп. Өндүргөн түшүмдү дыйкандарыбыз Казакстан, Орусия өлкөлөрүнө экспорттошот", - дейт Бакышев.

Эске салсак, Өзгөн районунда күрүч актап чыгаруучу 15тен ашуун жабдуу иштейт. Учурда күрүчтүн 1 килограммы Ош шаарында жана Өзгөн аймагында 70 сомдон 150 сомго чейин сатылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akubeku
2016-10-04 21:15:41
ушитип куру отчет берип койот да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан