Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бүгүн, 4-октябрь күнү Кытай Эл Республикасынын Синьцзян педагогикалык университетинин кыргыз филологиясы факультетинде билим алышкан 3-курстун 5 студентин тосуп алып, шаардагы №52-мектепте практика өтүүгө жолдомо берди.
Аталган башкармалыктан кабарлашкандай, кытайлык кыргыз боордоштор үчүн атайын жыйын уюштурулуп, алар менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Тынчтыкбек Досмуратов жолугушуп, жылуу пикир алышуу болду. Ал практикант боордошторду жетектеп келген Синьцзян педагогикалык университетинин “Манас” изилдөө борборунун жетекчиси, профессор Мамбеттурду Мамбетакун менен мурдатан байланышта болгонун айтып, андан сырткары шаардагы мектептер тууралуу жалпы маалымат берип өттү. Жолугушуунун соңунда Кытайдан келген боордошторго кыргыз тили жана адабиятына байланыштуу методикалык колдонмолор, адабий китептер белекке берилди.
Кытайдан келген практиканттар Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу, Кара-Кулжа райондорундагы айрым мектептерге жана Ош шаарындагы аталган мектепке бешөө бөлүнгөндүгүн, кыргыз тили жана адабияты предметинен сабактарга катышып, педагогикалык практикадан өтүшөрүн айтышты.
“Кытайлык кыргыз студенттер учурда Ош шаарындагы №52-мектептин окуучулары менен таанышып, баарлашышты. Эки күн практика өткөн соң, келген конокторду окутуу орус, өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердеги кыргыз тилин окутуу жагдайы менен да тааныштырууну пландаштырып жатабыз”, - дейт Т.Досмуратов.