Бишкекте жылуулук берүү тууралуу азырынча сөз боло элек. Бишкек мэриясы 5 сутка абанын температурасы 8 градустан төмөн болгондо гана жылуулук берилерин билдирди.
Маалым болгондой, аба ырайына карап иш кылынат. Биринчи кезекте балдар бакчалары, мектептер, интернаттар жылуулук менен камсыз болмокчу.
Абанын температурасынын 4-октябрга карата көрсөткүчү күндүз +18 градусту түзүүдө. Түнкүсүн +4°С.