Күз келип, тойдун көптүгүнөн баш адаша турган мезгил. Мындай тойлордо эмне кызыктар гана болбойт... Казакстандын Total.kz басылмасы үйлөнүү тойлорунун биринде болгон алдамчылык тууралуу жазып чыкты. Маалыматта белгисиз жигит чоочун адамдардын тойлоруна барып, курсагын кампайтып, бийлеп-ырдап чер жазып, аягында коноктордун бир-экөөнөн "чалып алайын, телефонуңузду берип туруңузчу" деп телефонун алып, аны ээсине кайтарбай из жашырып кетип жатканы жазылган. Социалдык тармактарда белгисиз адамдын куунак маанайда тартылган сүрөттөрү жарыяланып, издөө жүргүзүлүп жатат.
"Урматтуу колдонуучулар! Астанада өткөн тойлордун биринде белгисиз адам 2 меймандын кымбат баалуу телефондорун "чалып алайын" деп сурап алып, бербей качып кеткен. Аны таанып калгандар бар экен. Кийин тойдо тартылган сүрөт, видеолорду карап чыгып, күмөн жараткан "коноктун" өзүбүздүн кишидей эс алып жүргөнүн көрдүк. Ал адамды той ээлеринен эч кимиси тааныбайт экен. Эгер тоюңардан ушул кишини көрүп калсаңыздар кабарлап коюңуздар", - деп жазылат постто. Социалдык тармактардын колдонуучулары той ээлерине меймандардын тизмесин тактап турушу керек экенин эскертип жатышат.
Кыргыз-казак тойлору дээрлик окшош эле болору талашсыз. Андыктан, "чоң тойдо кыз жоголот" дегендей, мекендештерибизге дагы этият болууну эскертебиз.