Кыргыз Республикасында мамлекеттик карыздын ички дүң продукциянын көлөмүнө карата жогорулай бериши карызды туруксуз кылып коюшу мүмкүн. Бул Кыргыз мамлекети айрым учурларда карызын төлөй албай калышы да ыктымал дегенди билдирет.
Мындай пикирди Эл аралык валюта фондунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Яхья Саид "Азаттыкка" билдирди. "Карыздын өлчөмүн экономикада аны тейлөө үчүн бар ресурстар менен салыштырганда, биздин анализдерибиз Кыргыз Республикасы азыр карыз алуу жагынан жогорку тобокелдиктин чегинде турганын көрсөтүүдө... Кээ бир мамлекеттер өз экономикасынын көлөмүнөн көп карыз ала алышат, себеби алардын карызды абдан арзан алуу, эл аралык каржы базарларына чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми кээ бир өлкөлөрдүн мамлекеттик карызынын көлөмү төмөн болушу керек, себеби экономикасы кичинекей, ресурсу чектелүү болгондуктан, каржылык базарга чыгуу мүмкүнчүлүгү да чектелүү. Кыргыз өлкөсү мына ушул экинчи категорияга кирет", - дейт Саид.
Каржы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманованын билдиришинче, учурда мамлекеттик карыздын суммасы 4 миллиард 72 миллион долларды түзөт. Ал эми эксперттер быйыл Кыргыз Республикасында экономикалык өсүш абдан төмөн болору күтүлүп жатканын айтышууда.