Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Алмалуу-Булак айылынын жер көчкүдөн жабыркаган тургундарына коопсуз аймактан жер берилет. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол койду.
Бул токтом Алмалуу-Булак айылынын жер көчкүдөн жабыркаган тургундарына жана жер көчкү коркунучу бар башка аймактарда жашаган жашоочуларга жер тилкелерин берүүгө багытталган. Ага ылайык, Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жайгашкан Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 35 гектар кайрак айдоо жери “Айыл чарба багытындагы жерлер “категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери”категориясына которулат.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясына жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, зарыл болгон учурда жогорку вольттуу электр берүү линияларын чыгаруу же куруу үчүн каржылоо булагын аныктоо тапшырмасы берилген. Мындан тышкары жер иштерин жүргүзүүдө тийиштүү мыйзамдардын сакталышын жана максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу милдеттендирилген. Жогорудагы иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөө өкмөт аппаратынын агрардык өнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлдү.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 27-апрелинде аталган айылга жакын турган Үч-Чат жайлоосунда көлөмү 100 миң метр кубга жеткен жер көчкү түшүп, 14 жаштагы бала алдында калган. Анын сөөгү эртеси күнү табылган.