Ош шаарынын күнүн майрамдоо башталды

Ош шаарынын күнүн майрамдоо башталды. Бүгүн, 4-октябрда бул күнгө карата шаардын “Жеңиш” сейил багында “Ош шаарынын көз ирмемдери” аттуу сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

"Көргөзмөдө шаардын күнүмдүк турмушун, кооз жерлерин, ар кандай кесип ээлеринин образдарын чагылдырган сүрөттөр сейил бакка орнотулду. Ошондой эле "Сүйүктүү Ош шаарым" аттуу акциянын алкагында шаардын, чет өлкөнүн студенттери Ош шаарын даңазалап ырдап, кыргыз бийин бийлешти. Алыскы Индиядан, Пакистандан келген студенттер "Кара жорго", жалындуу кыргыз бийин бийлешсе, башка улуттун студенттери кыргызча "Манас" эпосунан үзүндү айтышып, патриоттук ырларды ырдашты", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aikokul14
2016-10-04 15:23:09
Оркундоп,осуп,гулдой бер Ош шаарым!!!
+1
altynka95
2016-10-04 15:58:41
Мынча сонун ошто кун ысык го
+1
Medina87
2016-10-04 22:37:16
Куттуу болсун майрамын,
Кут-берекелуу ОШ оаарым!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан