Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда депутат Гүлшат Асылбаева мамлекеттик кызматкерлерден кечирим сурады. Буга чейинки отурумда анын “өлкөбүздө 8-9 миң сом айлык алгандар бар экенинен абдан шектенем, андай айлык жок" деген билдирүүсү ММКларга жарыялангандан кийин сындардын чабуулунда калган эле.
“Журналисттер айлыктардын көлөмү тууралуу маселени терең түшүнбөсө да көтөргөнү үчүн аларга ыраазычылык билдирем. 9 миң сом көлөмүндөгү айлык тууралуу айтып жатканымда комитетте минималдуу киреше боюнча маселе каралып жаткан. Бул маселе бюджеттик тармакка байланыштуу эмес болчу. Бюджеттик уюмдарда айлыктар кандай экенин мен жакшы билем. Менин апам өмүр бою дарыгер болуп иштеген, эжелерим мугалим болуп иштешет”, - деп түшүндүрдү депутат.
“Өкмөт медициналык кызматкерлердин жана мугалимдердин айлыктарын кайра карап чыгышы керек. Жакын арада 2017-жылга өлкөнүн бюджети бекитилет. Ошондуктан "чыгашалар" беренесин кыскартуу зарыл. Мен дарыгерлердин, мугалимдердин айлыктарын көтөрүүгө болгон күчүмдү жумшоого аракет жасайм. Мен ишенем, жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн бюджеттен каражат тапса болот”, - деди Асылбаева.