Нарын облусунун Ак-Талаа районунда милицияда каттоодо турган өспүрүмдөрдүн саны көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда SUPER.KG порталына Ак-Талаа райондук өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектору Бермет Мамбеталиева билдирди.
Маалыматка ылайык, 9 ай ичинде административдик укук бузуулар боюнча 27 бала каттоого алынган. Алар түнкүсүн спирт ичимдигин ичип, балдарга зомбулук көрсөткөндөр. Бул көрсөткүч 2015-жылдагыга салыштырмалуу 5 балага көп. Өткөн жылы 22 бала каттоого алынган болчу.
"Ак-Талаа райондук өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы райондогу мектептер менен тыгыз байланышып, бейбаштык кылган балдар менен иштеп жатабыз. Ага карабай быйыл укук бузуулардын айынан балдардын милицияга катталуусу көбөйдү. Учурда өспүрүм балдар менен тыгыз иштешип, ар бир мектепке милиция кызматкерлери барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирди Мамбеталиева.
Эске салсак, Ак-Талаа районунда 18 мектеп болсо, 5 өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспектор бар. Аталган райондо саат 21:00дөн кийин өспүрүм балдарга ата-энесинин уруксатысыз көчөгө чыгууга тыюу салынган.