Жашы жете элек кыздарды никеге тургузган ата-энелерди, молдолорду жоопко тартуу боюнча мыйзам долбоору парламентте кызуу талкууланууда

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өлкөдө жубайларды никеге чейин расмий каттоодон өтүүгө милдеттендирген мыйзам долбоору 3-окууда каралууда.

Демилгечилердин бири Аида Салянованын айтымында, сунушталган мыйзам долбоору жашы жетпегендердин өмүргө, ден соолукка, билим алууга жана алардын эң төмөнкү нике курагына жетүүгө укугун коргоого, ошондой эле балдардын жана аялдардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого багытталган. "Эгерде нике курагы жөнүндө Yй-бүлө кодексинин талаптары бузулса, жашы жетпегендер менен нике кыюуга катышкан дин кызматкерлери жана ата-энелер 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат", - деди Салянова.

Депутат Зиядин Жамалдинов жазага тартыла тургандардан молдолорду алып салууну сунуштады. "Ата-энелер молдолорду өздөрү суранып чакырышат. Молдо келип куран окуп кетет. Кийин милиция кантип анын күнөөсүн далилдеп бере алат? Молдо эч кандай кагаз бербейт да. Балким, ал конок катары болуп келген. Мындан тыкшары милиция ар бир тойду текшерүүгө милдеттендирилет", - деди Жамалдинов.

Аида Салянова аймактарда жакыр үй-бүлөлөрдө жашы жете элек кыздарды нике тургузуу көп болуп жатканын айтты. "Кызды никеге тургузууда эң активдүү ролду ата-энеси менен молдо ойнойт", - деп жооп берди Салянова.

Депутат Акылбек Жапаров бул мыйзам менен прокурорлорго, милиция кызматкерлерине коррупциялык механизмдерге жол ачыларын билдирди. "Ар бир үй-бүлөгө чабуул башталышы мүмкүн. Кыргыз жергесинде салттар сакталбаса, үйлөнүү үчүн Орусияга кеткендер да болот", - деген оюн айтты Жапаров. Демилгечи Салянованын түшүндүрүшүнчө, өлкөдө балдары менен көчөдө калган аялдардын көйгөйү эрте никеге туруудан пайда болууда.

Айта кетсек, бул мыйзам долбоорунун демилгечилери - депутаттар Аида Салянова, Өмүрбек Текебаев, Бахадыр Сулейманов, Эмил Токтошев, Гүлшат Асылбаева, Аида Исмаилова, Чолпон Жакупова, Исхак Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
frunze777
2016-10-05 11:10:03
Бул жерде талаша турган маселе озу жок. Молдолор нике куболугу болмоюнча нике кыйууга тыю салынып жатат. Демек нике куболугу жок жаштарга нике кыйган молдолор кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ошондуктан молдо нике кыйаарда нике куболугу менен таанышуусу керек.. Ал эми нике куболугун ЗАГС болуму каттайт. Эгер кыздын эркине каршы никеге мажбурланып жатса же жашы жете элек никеге турууга аракет кылгандарга ЗАГСтан уруксат болбошу керек, болбосо мыйзамды бузганы учун алар жоопко тартылат.
+5
frunze777
2016-10-05 11:14:53
Союздун алгачкы жылдарында эки тараптын ата-энелери куда тушушуп эле кыз каршы болсо да мажбурлап куйоого беруу фактылары ото коп болгон. Ошондо совет окмотунун жер-жерлерде никеге каттоо (ЗАГС) болумдору иштеп, аларга милиция кошуп беришкен. Нике куболугу болмоюн никеге турууга/нике кыюга катуу тыю салышкан. Ошондуктан 2 тарап 2 жашты ортого алып тиги кочмо никеге каттоо болумуно келууго аргасыз болгон. Алар 2 жаштын оздорун гана киргизип никеге макулдугун сурашкан.
+3
frunze777
2016-10-05 11:19:48
Эгер никеге кыздын каалоосу болбой мажбурланып жатканы аныкталса, нике катталган эмес, ал эми никеге мажбурлап жаткан куйоо бала менен ата-энелер жоопко тартылуусу да мумкун болчу. Албетте тиги комиссия курамында психолог, турмушту жакшы тушунгондор болгон... Бугунку ала качуу, жашы жетпегендерди никеден откоруу ж.б.менен курошуу учун ошол система натыйжалуу болгон. Ал учун мыйзамдар кабыл алынуусу жана иштоосу керек Союз убагындагыдай... Мыйзам иштебесе андан не пайда?!!
+2
mambo-1984
2016-10-05 11:23:25
эгерде боюна бутуп калсачы анда кандай болот кыз менен бала бирибирин суйсо
-3
modem4999
2016-10-05 11:36:45
mambo-1984,ошо баленин бары тоок суйуудон башталып атат.
+2
frunze777
2016-10-05 12:12:23
mambo-1984, бир-бирин суйсо уйлонушсун, никесиз кошулуу жана никесиз торолгон бала баары арам!!!
+3
bom.bon
2016-10-05 11:37:17
Адам олтургондор камалбай же соту бутпой жатат.Молдолор же ата энелерди камап салыш туура келбесе керек.Сотто адилет жок азыр!
-2
didi07
2016-10-05 12:05:08
bom.bon,туура айтасыз, камалбаган молдо менен жаш жубайлардын ата-энелери калды эле. Аймакьарда жакыр уйбулолордо дейт, ОЗУ аралашып коруп жургондой. Аймактарды кыдыра бекен. Аймакьарда эмес шаардын озундо, чондор оздору дагы кыздарын берип жатпайбы 17ге того элек. Чала мыйзам




-2
frunze777
2016-10-05 12:17:14
bom.bon, биринчи тушунуп анан жазуу керек, просто так эле молдолорду бироо камап жаткансып... Мисалы сенин карындашынды ой-боюна койбой алып качып, кучко салып отургузуп, анан бир туноп калды деген шылтоо менен ата-энендин ыраазычылыгын алып нике кыйып салышса,;арадан 6ай отуп карындашын ажырашып келсе боюндагы баласы менен, сага жагабы ошол нерсе!!! Нике куболугу жок нике кыйган молдолор кылмыш жазасына тартылганы туура эле болот. Молдо болсо эле мыйзамга баш ийбей калмакпы?...
0
Aytur
2016-10-05 14:23:50
frunze777, Иуура айтасыз. плюс басам деп минус ьасып алдым
-1
konfetka.medik
2016-10-05 11:39:20
Боюнда болуп калса тууатта
+1
Seryi-Kardinal
2016-10-05 11:56:54
jawy 18 den bolobu owondo,16 jawtan uruksat beriw kerek anda,azyr kobu ele 16 jawtan tie bawtawat
0
frunze777
2016-10-05 12:18:54
konfetka.medik, нике куболугун алып келип анан нике кыйдырсын... Кыздарда баш болсо ойлонушу керек никесиз жатып беруудон мурун....
+4
nurka_85
2016-10-05 12:21:26
Жашы жетпей боюна болуп ооруга чалдыккан кыз-келиндер толтура.
Бул мыйзам туура эле болот деп ойлойм. 18 ге толгонго чейин жаштардын ата -энелери жооп бериш керек.
+1
alibekova94
2016-10-05 12:30:06
Иииий, ошондой кылгыла, бирок нике кыйган молдолорго тийбей эле ата энесине кобуроок жоопкерчиликти артсанар болот мойнуна, ата энеси конмоюнчо бизде кыз бироонун уйуно келин болуп барбайтко. 18ге толмоюнча турмуш куруу озу болбогон нерсе, 18ге толо элек жаштар жаш бала да. Мисалы мен 18 жашымда жаш бала эле болгом)))
+3
Aytur
2016-10-05 14:24:54
Туура мен кошулам.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан