"ЭЛДИК КАБАРга" чыккан кабардан соң Мады айылында кулап калган аялдама оңдоло турган болду

Кара-Суу районунун Мады айылында кулап калган аялдама бүгүн оңдолот. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын башчысынын орун басары Улан Олжобаев билдирди.

"Ош-Эркеч-Там жолунда кулап калган аялдама боюнча "Элдик кабардан" окудук. Мындан улам бул боюнча Кара-Суу райондук №21-жол-курулуш ишканасына кайрылдык, анткени аялдама аталган ишкананын балансында турат. Ишканадан бүгүн аялдаманы оңдоорун айтышты. Ошол эле учурда аялдаманы сүзүп кеткен деген шек жаралып, тийиштүү кызматтар менен сүзгөн унааны издеп жатышкандыгын айтты", - деп билдирди Олжобаев.

Мады айыл аймагынын башчысынын орун басарынын маалыматына ылайык, аялдаманын курулушун Ош-Эркеч-Там жолун салган кытайлык компания курган. Андан соң Кара-Суу райондук №21-жол-курулуш ишканасынын балансына өткөрүлүп берилген.

Эске салсак, 5-октябрда окурман SUPER.KG порталына Мады айылындагы аялдама кулаган абалда турганын WhatsApp аркылуу билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан