Өлкө аймагында кант диабетинен жабыркагандардын саны 47 миңден ашат

Өлкө аймагында кант диабетинен жабыркагандардын саны 47 561ди түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кант диабетинен жабыркагандардын ичинен 331и жаш балдар. Учурда оорунун алдын алуу боюнча иштер жүрүүдө.

"2016-жылы бул илдетке чалдыккандарды дарылоо үчүн мамлекет тарабынан 169 миллион сом бөлүнгөн. Кант диабетинен жабыркагандарга акысыз медициналык жардам көрсөтүлөт”, - деп айтылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан