Депутат мектептерде математика сабагынын сааты кыскартылганына нааразы

Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында депутат Акылбек Жапаров өлкөдөгү мектептерде математика сабагынын сааты кыскартылганына нааразычылыгын билдирди.

"Мектептерде математика сабагы аптасына 6 сааттан 4 саатка кыскартылып, коом таануу жана ыйман таануу боюнча сабактар кошулуптур. 21-кылым санарип технологияларынын мезгили болгондуктан, окуучуларга математика көбүрөөк окутулушу керек. Финляндиянын тажрыйбасын изилдеп, окуу системибизди түзөтүшүбүз зарыл", - деп сунуштады Жапаров.

Мындан тышкары депутат быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн 62 пайызы жалпы республикалык тестти тапшыра албаганын билдирип, Билим берүү министрлигине бул маселеге көңүл бурууну тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_S
2016-10-05 14:47:31
Мектептен аянсаң, түрмө курасың. Мүмкүн болушунча мектерди жакшы шарт менен камсыз кылыш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан