Депутат Момбеков Каржы министрине: "Качанкыга чейин карыз алып отура беребиз?"

Жогорку Кеңештин 5-октябрдагы жыйынында депутат Рыскелди Момбеков Каржы министрлигин өлкөгө каржы таап бербегени үчүн сынга алды.

"Дүйнөдө карыз алуу боюнча бизге эч ким жетпесе керек. Өлкө эгемендүүлүк алгандан бери Каржы министрлиги карыз эле алып жүрөт. Бүгүнкү күндө карызыбыз 4 миллиард долларга жакындап калды. Бул карыздан качан кутулабыз? Карыз алып отура беребизби? Каржы министрлиги 1 миллиард да каржы таппайт. Экономика министрлиги менен Каржы министрлиги эки башка иш жасайт. Бири анализ жүргүзүп, план түзсө, экинчиси карыздар менен алек. Эки мекемеде тең 300 адамдан отурат. Аларды багууга канча каражат кетип жатат?" - деп нааразы болду Момбеков. Каржы министри Адылбек Касымалиев депутаттын суроосуна жооп бере алган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Arslan12
2016-10-05 13:48:56
Жооп бере албаса эмнеге иштеп атат, келечек болуш керек да озу, болбосо кетсин!
+7
frunze777
2016-10-05 13:50:32
4 эмес 5 млрд долларга жетип калды....
+6
gordaya
2016-10-05 14:10:54
Бул депутаттын билими аз экендигинин белгиси! Бийлик учко болунот, мыйзам чыгаруу(депутаттар), аткаруу бийлиги(министрликтер), сот бийлиги(сот бийлиги тушунуктуу), карызга баткан бул министрликтин куноосу эмес, ал аткаруучу бийлик(!).
-2
Kroxa
2016-10-05 14:26:18
Элге салыкты кобойтуп туруп жабасынар да ушул салык менен эле тын жашамакпыз силердей жеп жутаар деппутаттар жок болгондо эхх,,эллин эсебинен жашагандар азайса кана,олкобуз оспойт го бул журушто....
0
didi07
2016-10-05 14:37:52
Салык толобой койсок кантет экенсинер? Барбир бир нерсе ойлоп табасынар силер. Элдин ырыскысын ачык эле жеп жатышат
+1
zikirovna
2016-10-05 14:48:34
didi07,азыр больницага жатып дарыланайын десен да, биринчи окмоттон справка алып кел салыкты толоду деген , болбосо жата албайсын деп калышыптыр булар ХХХ кантип салык толлоштун айласын
+1
admin_superstan
2016-10-05 14:54:23
zikirovna, этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
-3
admin_superstan
2016-10-05 14:55:08
zikirovna, провокациялык билдирүүлөргө жол берилбейт. Эскертүү!
-1
forever88
2016-10-05 15:04:06
Эдди коюп оздорун билип алышса жакшы болот эле, 120 депутат эмнени кыйраттып атат? Ошо жоголгон акчалардын тенинен кобу силердин айлыгынарга, машинанарга, айылчылаганынарга кетип атат. Анан эле бакырчаак эчкидей болуп эле анда-санда бир маарап чыга калышат экен.
+4
ALATOOLUK.JIGIT
2016-10-05 15:08:39
Почти окмоттон келген эч бир минстирлик суроолорго норм жооп бере албады. Баары эле тилин чайнап,тоо десе бээ деп олтурат. Тан калычтуу,бул кадрларды кантип ишке алды,кантип иштейт булар?
+6
kubat_73
2016-10-05 17:38:15
ALATOOLUK.JIGIT,Аларга ошондой эч нерсе билбеген тушунбогон дейдилер керек эртен кун бирдеме болсо ошолорго шылтап баса бергенге.
0
kubat_73
2016-10-05 17:40:25
Депутаттар озунорго да суроо берип корсонор болмок экен качанкыга чейин колубуздан бок келбесе да эл ырыскысын жеп ичип чачып олтура беребиз деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан