Индияда премьер-министрге коркунуч алып келген көгүчкөн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, белгисиз тараптан учуп келген көгүчкөн премьерге коркунуч жараткан кат алып келген. Индиянын полициясы буга чейин бир жыл мурда дагы бир көгүчкөн кармаган. Алар көгүчкөндү пакистандыктар чалгындоо үчүн жиберген тыңчы деп шектенишкен.
Эске салсак, үйрөтүлгөн көгүчкөн 4-октябрда жергиликтүү полиция тарабынан кармалган.