Ош шаарынын күнү белгиленгенден кийин борбордук аянттан 40 куб таштанды чыгарылды

Ош шаарынын күнү салтанаттуу белгиленгенден кийин борбордук аянттан 40 куб таштанды чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына Ош шаардык "Тазалык" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананын жумушчулары түнкү саат 03:00дө жумушка чыгышкан. Борбордук аянтты тазалоого 15 кызматкер жана атайын техникалар бөлүнүп иш аткарган.

"Бүгүнкү майрамдан кийин борбордук аянтта түшүм жарманкеси өткөн. Жумушчулар бул аймактан мөмө-жемиштердин, айыл чарба азыктарынын калдыктарын жана башка таштандыларды тазалашты. Бул күнү кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте шаардын тазалыгын камсыздоо аракетин көрүштү", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Abdurahman
2016-10-05 16:58:36
Нормалдуу эле корунуш менимче, "Ат оонаса тугу калат" дегендей эле да. Тем более урналар да корунбойт. Урна болгондо урнага салышмак
+2
karona12
2016-10-05 17:08:40
Эмне кереги бар эле ушул майрамдыын калп эле чыгым болуп.
+1
Wonderfullgirl
2016-10-05 18:23:04
Урналар чын эле жок, бирок озубуз да чочкодой болбой сумкабызга салып уйдо ыргытып койсо болотго, кантип кочого ыргытып кетип калышат тушунбойм. Ужас, уят эле.
0
Namystan
2016-10-05 23:30:38
Wonderfullgirl, туура кошулам, мен дагы озумдон чыккан мусорду кайда болбосун, кандай болбосун бир нерсеге салып уйго келип ыргытам, себеби бир адамга да болсо айлана-чойро таза болсун дейм.
0
didi07
2016-10-05 19:33:33
Маданиятсыздыгыбыз, тартипсиздигибиз. Жёп эле ыргыта Берген туура эместа. Бир аз Адам болуш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан