Нарын шаарында Мугалимдер күнү белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чара учурунда облустун ар бир аймагынан келген алдынкы мугалимдер Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары жана "Билим берүүнүн отличниги" төш белгиси менен сыйланышты.
Иш-чарада сөз сүйлөгөн облус башчысы Аманбай Кайыпов мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын түйшүктүү жана жооптуу иштерин белгилеп, окуучулардын билимин өркүндөтүүнүн үстүндө иштерди алып баруу керектигин белгиледи.
Айта кетсек, бүгүнкү күндө Нарын облусундагы мектептерде жалпысынан 5770 мугалим эмгектенет.