Бишкекте айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт

Келе жаткан дем алыш күндөрү Бишкекте айыл чарба азыктарынын жарманкеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жарманкеде дыйкан чарбалар жана багбандар экологиялык жактан таза айыл чарба азыктарын эл алдына алып чыгышат. Анда шаар тургундары жер-жемиштерди, бал, сүт жана эт азыктарын сатып алышса болот. Жарманкелер төмөнкү даректер боюнча өткөрүлөт: Жал кичи районунун Тыналиев көчөсү, Токомбаев көчөсүндөгү “Асанбай” кичи базары, Ауэзов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилиши.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан