Бишкек шаарынын Абдрахманов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде зымга илинип калган дарактын кесиндиси жекшемби күнү алынат. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык "Жашылдандыруу" ишканасынын кызматкери Жаныбек Жумашев билдирди.
"Дарак өсүп жатканда ичине чубалгы кирип, зымды курчап өсүп калган. Аны кыйып жатканда чубалгыны чыгара албай, даракты эки тарабынан кыйып салганбыз. Ошол себептен кесинди зымга илинип калган. Эми аны жекшемби күнү алып таштайбыз", - деди Жумашев.
Эске салсак, бүгүн, 5-октябрда окурман "Элдик кабарга" дарактын бутагы зымдарга илинип, кооптуу болуп турганын билдирген.