Ак-Талаа районунда жарандык коргонуу органдары менен комплекстүү окуу өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуу “Табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал коркунучунда жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын иш-аракеттери” деген темада өттү. Комплекстүү райондук окуунун алкагында объектилик машыгуулар сугат түйүндөрүнүн башкармалыгында, өрткө каршы бөлүмүндө, Социалдык коргоо башкармалыгында өткөрүлдү. Ал эми атайын тактикалык машыгуу коомдук тартипти сактоо кызматынын атайын адистештирилген медициналык тобу менен жүргүзүлүп, Терек сайынын жээгин бекемдөө үчүн габиондук торчолорду тизүү иштери аткарылды.