Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жыйынында депутат Узарбек Жылкыбаев Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдө лифттердин эскилиги жеткенин айтты. "Айрым лифттер иштебей жабылып калыптыр. Мэрияга тапшырма берип, лифттерди оңдоо же алмаштыруу керек. Жеке менчик ишканаларга бир топ акча бөлүнөт экен, бирок алгылыктуу иш жүрбөй жатат. Мэрия муну көзөмөлгө алышы зарыл", - деди Жылкыбаев.
Расмий маалымат боюнча, бүгүнкү күндө Бишкектеги көп кабаттуу имараттарда жалпысынан 2,5 миңдей лифт бар. Алардын 1008ин "Бишкек лифт", калгандарын "Кыргыз лифт", "Лифткомплект", "Лифтстройсервис" сыяктуу 5-6 жеке фирма тейлейт. "Бишкек лифт" ишканасына караган лифттердин 70 пайызынын эскилиги жеткен. Ай сайын лифтке түшкөнү үчүн ар бир тургун орточо эсеп менен 20 сомдой акы төлөйт.