2016-жылдын 14-16-октябрь күндөрү Кыргыз улуттук агрардык университетинин жанында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы маалымдады.
"Көргөзмөгө бал, эт-сүт азыктары, жер-жемиштер, улуттук суусундуктар коюлат. Мындан тышкары жарманкенин катышуучулары кол өнөрчүлөрдүн эмгегине да күбө болушат", - деп айтылат маалыматта. Жарманкеге өлкөнүн бардык аймагынан табигый, органикалык продукция даярдаган ишканалардын катышары күтүлүүдө.