Кара-Сууда 4 айга жакын мечитте жана үйдө окуган окуучуларга мектеп курулду

Жоош айыл аймагында 225 орундуу мектептин курулушу бүтүү алдында турат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда SUPER.KG порталына Жоош айыл аймагынын башчысы Жылдызбек Тиллебаев билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын январь айында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кызыл-Сарай мектеби жараксыз абалда деген чечим чыгарган. Мындан улам үстүбүздөгү жылдын март айында билимкананын курулушу башталган.

"Мектептин курулушу үчүн республикалык казынадан 56 миллион сом бөлүнүп берилди. Жоош айыл өкмөтүнөн 300 миң сом каражат бөлүп, ички жасалгасына салым коштук. Буга чейин 220га жакын окуучу 4 айга жакын айылдагы мечитте жана турак үйдө экиге бөлүнүп билим алып келген. Эми мектептин ачылуу аземин октябрь айынын аягына пландаштырып жатабыз", - деп билдирди Тиллебаев.

Белгилүү болгондой, мектептин жаңы имараты 225 орунга ылайыкташкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Patriot..kg
2016-10-06 19:51:03
56милионбу)) көп эмеспи 220 орундука ылайыкталса
+1
suban78
2016-10-06 20:51:35
Ишкерлерге айтат элем даа, мечит курган жакшы, бирок мектеп курганды да унутпасанар жакшы болот элее...
0
tashmatov.B
2016-10-06 21:51:37
Бул мектеп жер титироодон жараксыз болуп калган мектеп.Куруп берип жакшы кылышты
0
Alinka-Urmat
2016-10-08 03:14:35
Абдан соонун! Биздин айылга соонун мектеп куруп жатышат! Кубанычтабыз!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан