Кадамжай шаарында уруксаты жок көпүрө курулуп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-октябрда Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу айылында курулуп жаткан көпүрөнүн атайын уруксат кагаздары жок болгондуктан, аталган инспекция тарабынан курулушту токтотуу талап кылынган. Бирок көпүрөнү куруп жаткан “Сафари" курулуш компаниясы Мамлекеттик экотехинспекциянын талабын аткарган эмес.
"Биздин чечимди жокко чыгарып, аны аткарбагандан улам компаниянын жетекчилигин административдик жазага тартуу боюнча акт толтурулду", - деп билдирди басма сөз кызматы.