Орусиядагы элчилик кыргыз жарандарына тиешелүү документтерин жанында алып жүрүүнү сунуштайт

Орусиядагы элчилик кыргыз жарандарына тиешелүү документтерин жанында алып жүрүүнү сунуштайт. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин 7-октябрда берген маалыматына караганда, учурда Москва шаарында “Останови, досмотри”, “Нелегал”, “Заслон” аталышындагы оперативдик-профилактикалык иш-чаралар жүрүүдө. Анын алкагында бардык мигранттардын документтери текшерилет.

Мындан улам жарандарыбызды Орусиянын тийиштүү укуктук эрежелерин туура сактоого чакырабыз. Жашап, иштөөгө керектүү болгон бардык документтерди мыйзамдуу алып жүрүүнү сунуштайбыз”, - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nemo2016
2016-10-07 11:09:32
Аллах сактасын аман эсен иштеп кетейли
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан