Англиялык бөбөк өзгөчө чач жасалгасы менен интернетте популярдуу болууда

Англиялык 32 жаштагы Челси Нун кичинекей баласы Жуниор Кокс-Нундун сүрөттөрүн "The mirror" басылмасына жарыялоого уруксат берген соң уулу популярдуу болуп чыга келген. Тагыраагы, анын өзгөчө чач жасалгасы, чачынын көптүгү көпчүлүктүн кызыгуусун, жылмаюусун жараткан.

"Мурун дүкөнгө барып келүүгө 40 мүнөт убактымды коротсом, азыр бул нерсеге 2 сааттык убактым кетет. Себеби эл "Караңызчы, кичинекей наристенин да чачы ушундай көп болобу?" деп токтотуп алып сурай берет", - деп билдирген Челси Нун.

Наристенин чачы күн сайын өсүп жатканына карабай энеси аны азырынча кыскартпай турганын айткан. Энесинин айтымында, башка наристелеринде чачтын мындай өсүп кетүүсү байкалган эмес. "Улуу балдарым келип Жуниорду өпкүлөп, бетин кармалай беришет. Биз аны мамалак деп коёбуз. Чынында, ал кичинекей аюуга окшош. Кээде бир нерсе жакпай калса ачуулуу эргежээлге (гном) окшоп калат", - деп билдирген Нун.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Elvanu
2016-10-07 10:32:29
Кызыктуу маалымат экен..))
+5
radyakiz
2016-10-07 16:30:22
Байкушту жудотпой кыскартып койбойбу. Чондорго кызык болгону менен балага неудобна болуп атса керек )))))
+4
Begimkyz.
2016-10-07 21:05:31
Жигит серьезный го а)))
+2
Gul.08
2016-10-09 06:22:44
Одуванчикго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан