"Жыргап кеткен мигрантты көрө элекмин", - деди бүгүн, 7-октябрда журналисттер менен бейрасмий жолугушуусунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова.
"Мигрант жөнөткөн акча көбүнчө той-топурга кетип жатканы баарыбызга белгилүү. Туугандары "акча жок калды, тойго керек эле" деп сурашат. Мигрант жөнөткөн акча каражаты балдардын билим алуусуна жумшалганы туура, келечекке мыкты инвестиция болмок", - деген оюн айтты депутат.
Айта кетсек, депутат Аида Салянова мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында үйлөнүү тойлорун, үй-бүлөлүк салтанаттарды, аза күтүү каадасын, көзү өткөндөрдү эскерүүгө арналган иш-чараларды өткөрүүдөгү ашыкча ысырапкорчулукту жоюуга багытталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири.