Саясат таануучу Даниел Кадырбеков кыргыз бийлигиндеги "кызматка жабышуу" адатын сындады

Саясат таануучу, Япониянын Кобе университетинин бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков 6-октябрда Кыргыз мамлекетинин жетекчилери бийликтен оңою менен кеткиси келбей турганын сындап, АКШнын 37-президенти Ричард Никсондун окуясын мисал келтирди.

"Америка саясатында 70-жылдары Watergate деп аталган ири жаңжал чыккан. АКШнын 200 жылдык тарыхында биринчи жолу президент отставкага кеткен. Президент Никсон Сенат жана Эл өкүлдөр палатасы тарабынан импичмент даярдалып жатканын көрүп, алардан мурун отставкага кетүү чечимин кабыл алган. Биринчиден, муну менен ал конституциялык кризисти чечкен. Экинчиден, мыйзам үстөмдүгүнүн бекемдигинин символу болуп калды. Бизге ондогон жылдар өзүмчүл башкаруучулар каалагандай башкарып, мыйзамдарды өзү каалагандай кайра жазып жаткан постсоветтик, авторитардык өлкөнүн жарандары үчүн Никсонго тагылган айыптар күлкүлүү көрүнүшү мүмкүн, бирок америкалыктар үчүн бул жол берилгис болгон. Никсон президент болуп шайланганга чейин 8 жыл вице-президент болуп иштеген тажрыйбалуу мамлекеттик кызматкер катары саясаттын бардык өйдө-ылдыйын жакшы билчү. Өзүнүн саясий келечегин коопсуздандыруу үчүн ал жана анын администрациясы аңдуу, компромат жыйноо, оппоненттерди тыңшоо үчүн Борбордук чалгындоо башкармалыгын жана Федералдык иликтөө бюросун жана башка мамлекеттик органдарды пайдаланууну баштаган. Бул америкалыктар үчүн оор кылмыш болчу...

...Эгерде кийинки президент Форддун буйругу менен ырайым кылынбаганда Никсон көп жылдар түрмөдө отурмак. Эң кубаттуу өлкөнүн президенти кантип отставкага кеткенин, Никсон кандай абалда калганын элестетип көргүлө. Бирок ал ушуга барды. Эгерде отставкага кетпесе, адилеттүүлүккө болгон жаш муундун ишенимин, эң башкысы, өлкөгө, анын келечегине болгон ишенимин талкалап аларын билген. Болбосо жасаган жакшы иштери үчүн Никсондун кылмышына көз жумуп коюуга да болот эле. Жок, демократия кимдир бирөөлөргө артыкчылык берүү эмес. Мыйзам жана жарандардын кызыкчылыгы башкы орунда.

Тилекке каршы, бизде оор кылмыштарга айыпталган башкаруучулар отставкага кетүү мындай турсун, тескерисинче, камакка алуу, компроматтарды жаадыруу жана башка жолдор менен өзүнүн оппоненттерине басым көрсөтүү үчүн мамлекеттик институттарды пайдаланууну күчөтөт. Айтпасам деле билесиңер", - дейт Кадырбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Rifle_S
2016-10-07 16:06:28
Кудай буйруса жакшы кыргыз жигиттери өсүүдө. Баардык алдамчы, саткын, жепжутарларды көрүп тарбияланып калышты. Жаштар келип, оңдойт учуру келгенде. Ага чейин жепжутаттар жутуп койбосо эле.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан