Бүгүн, 7-октябрда Ак үйдө "Референдум жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Иш-чараны Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети өткөрүп жатат. Отурумдун башталышында айрым катышуучулардын сөздөрү кол чабуулар менен коштолгон. КСДПчы депутат Дастан Бекешев буга нааразы болуп, кол чабууларга тыюу салууну аталган комитеттин төрайымы Асел Кодурановадан суранды. "Биз азыр циркте эмес, парламентте отурабыз", - деди депутат. Юрист Нурбек Токтакунов Бекешевге кайрылып: "Дастан, сен депутат болсоң да учурда биздей эле катышуучусуң", - деди. Коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева да депутатка: "Биз учурда парламенттин отурумунда эмес, парламенттик угууда отурабыз. Кааласак кол чабабыз, кааласак сүйлөйбүз", - деп айтты. Кайым айтышууну комитеттин төрайымы Кодуранова токтотту. "Урматтуу катышуучулар, бири-бирибизди сыйлайлы. Мен комитеттин башчысы катары тартипти бузган катышуучуну сыртка чыгарууга укуктуумун", - деди Кодуранова.